SerepTV Logo

#REакция 4.0. Бишкекте Орхан Инандыны кайтарууну талап кылган митинг өтөт

#REакция 4.0. Бишкекте Орхан Инандыны кайтарууну талап кылган митинг өтөт

Бишкекте эртең жана бүгүн уурдалган кыргыз жараны Орхан Инандыны өлкөгө кайтарып берүүнү талап кылган митингдер өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 7-июлда "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин башчысынын тарапкерлери саат 18:00дө Өкмөт үйүнүн алдына тынчтык митингине чыгышат. Эртең, 8-июлда да жөө жүрүш болот. Салт боюнча, катышуучулар Эркиндик бульварындагы Темир жол бекетинен Өкмөт үйүнө чейин жүрүш жасашат. Акция саат 18:00дөн 20:00гө чейин созулат.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.