Равшан Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиева кайрадан УКМКга суракка чакыртылды
Экс-депутат Равшан Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиева кайрадан УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу активист соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалым болгондой, ал суракка бүгүн саат 10:00дө барышы керек. Активист кайсы иш боюнча суракка алынары азырынча белгисиз.
Ал буга чейин 29-сентябрда УКМКга саат 16:00гө баарлашууга деп чакыртылып, бирок барган соң, сурак берип чыккан.
