SerepTV Logo

Пулемёт, гранатомёт үчүн 16 миң сом. Милиция кыргызстандыктарды куралын тапшырууга чакырат

Пулемёт, гранатомёт үчүн 16 миң сом. Милиция кыргызстандыктарды куралын тапшырууга чакырат
Республиканын бардык аймактарында милиция кызматкерлери “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Бул иш-чаралар мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды жана ок-дарыларды алууга, ошону менен бирге курал-жарактардын жана ок-дарылардын сактоо шарттарын бузууларын аныктоого багытталган. Буга байланыштуу, Ички иштер министрлиги жарандарга акчалай сыйлоосу менен курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырууну эскертет. "Жазык кодексинин 253-беренесинде каралган “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” кылмышты жасагандыгы үчүн 60 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөдөн 2 жыл 6 айга чейин кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган", - деп айтылат маалыматта. Курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган учурда жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, төмөнкү өлчөмдө акчалай сыйлоолор төлөнөт: 1. Автоматтык гранатометтор, анын ичинде чет өлкөлүк, өндүрүштөгү гранатометтор түнкү кароолу бар жана кол менен жасалгандар (снаряды жок) – 16 миң сом; 2. Пулеметтор, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүш жана түнкү кароолу бар пулеметтор – 16 миң сом; 3. АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у жана башка тибиндеги автоматтар, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштөгү түнкү кароолу бар автоматтар – 9 600; 4. СВД, СВДС, СВДН согуштук снайпер винтовкалары, анын ичинде снайпердик атуу үчүн ыңгайлаштырылган узун стволдуу сайлуу түрдөгүлөр – 9 600 сом; 5. Аңчылык карабини, анын ичинде аңчылык сайлуу кездиктер жана согуштук куралдар – 6 400 сом; 6. Аңчылык сайлуу эмес мылтыктар, анын ичинде кездиктер, алмаштырылуучу, салынма стволдор – 3 200 сом; 7. Колго жасалган атуучу түзүлүш (ок атуучу үчүн арналган буюмдар) – 1 600 сом; 8. Аскердик жарылгыч заттар (тротил, гексоген жана башка жарылуучу заттар, анын ичинде алардан жасалгандар) – 100 грамм үчүн 1 600 сом; 9. Өндүрүштүк багыттагы жарылуучу зат (аммонит, угленит жана башка) - 100 грамм үчүн 840 сом; 10. Кол гранатасы (окуу гранаталарынан башкалар) – 3 200 сом; 11. Сапердук миналар жана атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (окууда колдонулгандан башкалар) – 3 200 сом; 12. Сайлуу курал-жарактардын ок-дарылары: 5,45; 7,62 жана андан чоң калибрдеги согуштук патрондор; 7,62 калибрдеги аңчылык патрондору – 1 даана үчүн 10 сом; 13. Сайлуу эмес курал-жарактардын ок-дарылары – 1 даана үчүн 6 сом; 14. Өзүн-өзү коргоо куралы, жаракат келтирүүчү октору бар курал, газ куралы – 3 200 сом; 15. Пистолет же ок атуучу револьвер - 6 400 сом; 16. Дары - 100 грамм үчүн 100 сом.