Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте беш күн бою облустун жети районун кыдырып чыкты.
Иш сапардын жүрүшүндө президент бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып, инфратүзүмдүк долбоорлордун аткарылышын көрдү. Анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин курулушу, жол тармагын өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Садыр Жапаров аймактагы калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир нече социалдык маанидеги объектилердин ачылыш аземине катышты. Ошондой эле жети райондун тургундары менен жолугушуп, алардын суроо-талаптарын жана көйгөйлөрүн түз угуп, ачык диалог жүргүздү.
Бүгүн, 16-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев өлкө башчысынын иш сапарынын жыйынтыгы боюнча атайын жыйын өткөрдү. Жыйынга өкүлдүн орун басарлары, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жети райондун акимдери катышты. Жыйында Аманкан Кенжебаев президенттин эл менен болгон жолугушууларында жалпы 1800дөн ашуун суроо-талап түшкөнүн белгилеп, ар бир райондо көтөрүлгөн маселелерге өзүнчө токтолду. Ал жарандардын кайрылууларынын ар бири көз жаздымда калбай, тиешелүү тармактар боюнча бөлүштүрүлүп, өз убагында аткарылышы керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле облус башчысы жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын билдирип, тиешелүү жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Мындан сырткары жыйында облус аймагында учурда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жана алдыдагы пландар талкууланып, жооптуу тараптарга так милдеттер жүктөлдү.