SerepTV Logo

Президенттин оператору КТРКнын жетекчисинин орун басары болуп бекитилди

Президенттин оператору КТРКнын жетекчисинин орун басары болуп бекитилди
Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп бекитилди. Бул тууралуу фотограф Султан Досалиев Фейсбуктагы баракчасында билдирди. "29-июлда менин кесиптешим, досум Улан жаңы кызмат ордуна бекитилди - КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп бекиди",- деп жазды ал.  Буга чейин Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткарып жаткан.