SerepTV Logo

Садыр Жапаровдун кайсы учурда эмделери айтылды

Садыр Жапаровдун кайсы учурда эмделери айтылды
Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо буга чейин бул илдетке кабылгандыктан коронавирус инфекциясына каршы антителолор жетиштүү көлөмдө табылган. «Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентке эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо, же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет»,- деп белгиледи ал.
Эске салсак, 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын баштайт. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп эмдөө алат. 1-этапта эмдөө төмөнкүлөргө пландаштырылууда: — инфекция коркунучу жогору жана өтө жогору, кызыл зонада, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда иштеген медициналык кызматкерлер; — тез жардам көрсөтүү кызматынын, оорунун же өлүмдүн оор түрлөрүнө чалдыгуу коркунучу жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери; — узак мөөнөттүү медициналык адистер жана кызматкерлер; — билим берүү уюмдарынын, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери. Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
edita