SerepTV Logo

Президенттин жубайы реабилитациялоо борборундагы майып балдарга барып, белек берди

Президенттин жубайы реабилитациялоо борборундагы майып балдарга барып, белек берди
Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова «Үмүт» реаблитациялоо борборуна барды. Бул тууралуу «Тумар» бийчилер тобу социалдык тармактарга сүрөт киргизип, жарыялашты. Анда мамлекет башчынын жубайы «Үмүт» реаблитациялоо борборундагы майып балдарга белек бергени айтылат. “Көптөн бери бийлей элек болчубуз. Бүгүн биздин борборго биринчи айым Айгүл Жапарова белектери менен келген экен, биздин группа бийлеп берди”,- деп жазышкан бийчилер тобу Белгилей кетсек, «Тумар» бий тобун бийчи Атай Өмүрзаков түптөгөн. Анда майып балдар-кыздар бийлешет. Алар буга чейин коомчулукта бир катар эл аралык сынактарга катышышып, байгелүү орундарды багындыргандары менен таанымал.  
Unknown Author