SerepTV Logo

Президенттин администрациясы түзүлдү. Аны ким жетектейт?

Президенттин администрациясы түзүлдү. Аны ким жетектейт?
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Президенттин администрациясы түзүлдү. Ошондой эле мамлекет башчынын жарлыктары менен: - Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду; - Сатыев Медербек Асанбекович — Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду; - Зулпиев Бектур Рысбаевич — Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду; - Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.