SerepTV Logo

Президенттик шайлоого ат салышкан талапкерлер Фейсбуктагы жарнамага канча акча коротушкан?

Президенттик шайлоого ат салышкан талапкерлер Фейсбуктагы жарнамага канча акча коротушкан?
Быйылкы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо өз талапкерлигин койгондордор Фейсбук социалдык тармагындагы жарнамаларга канча акча сарпташты? (Тизме)
Талапкердин аты-жөнү Посттун же публикациянын саны Кеткен каражат
1 Элдар Абакиров 74 947 доллар
2 Курсан Асанов 68 1802 доллар
3 Аймен Касенов 52 1935 доллар
4 Бабур Төлбаев 38 2172 доллар
5 Абдил Сегизбаев 24 313 доллар
6 Улукбек Кочкоров 16 903 доллар
7 Бактыбек Калмаматов 11 658 доллар
8 Канатбек Исаев 10 350 доллар
9 Жеңишбек Байгуттиев 7 100 доллар
10 Равшан Жээнбеков 6 100 доллар
11 Адахан Мадумаров 1 100 доллар
12 Каныбек Иманалиев 1 100 доллар
13 Арстанбек Мыктыбек 1 100 доллар
Мындай изилдөөнү «Жалпы иш» коомдук фонду Фейсбуктун рекламалык борборуна таянып чыгарды. Алар 2020-жылдын 17-декабрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки аралыктагы убакытта талапкерлердин аталган социалдык тармактагы жарыяларына байкоо жүргүзүшкөн. Ошондой эле фонддун маалыматына ылайык, шайлоого ат салышкан 13 талапкер Фейсбук интернет платформага жалпы 300дөн ашык жарнамалык видео, ролик жарыялашкан. Бирок фонддон "Бул каражаттар талапкерлердин Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетунда айтылган эмес" деп билдиришти.
Unknown Author