SerepTV Logo

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менчик клиникага жаткырылды

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менчик клиникага жаткырылды
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев "Бикард" клиникасына жаткырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди. УКМКдан бул тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдиришти. 9-июнда Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган. Ошол күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.