Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нуркамал Асканованын өмүр баяны
Нуркамал Асканова 1960-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-Март айылында туулган.
Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунан уюштуруучу-методист адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
1993-жылы Мамлекеттик телерадио компаниясына режиссердун ассистенти кызматына кабыл алынган. КТРКнын дээрлик бардык редакцияларында иштеп, бир канча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган:
2000-2006-жылдары — «Шок-Факт» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана редактору;
2002-2008-жылдары — укуктук багыттагы көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу жана режиссеру;
2003-жылы Москвадагы телекөрсөтүү кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтунан таалим алган;
2007-жылы дайынсыз жоголгон жарандарды издеп, иликтеген «Кайдасың?» көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;
2013-2014-жылдары — Орусиянын аймагындагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырган «Кыйырдагы кыргыздар» көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;
Орусиянын «Биринчи каналындагы» «Жди Меня» программасы менен, 2017-жылдан бери Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн «Жди Меня» долбоору менен ийгиликтүү кызматташып келген.
2021-жылдын февраль айына чейин КТРКнын саясий-социалдык багытта иш жүргүзгөн «Маалымат» бөлүмүнүн баяндамачысы.
2021-жылдын 1-февралынан тарта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.
Сыйлыктары:
2003-2014-жылдары - НТРК, УТРК, КТРК Ардак Грамотасы;
2006-жылы ТВ отличниги;
2007-жылы «Жылдын мыкты долбоору»;
2010-жылы «Мыкты журналист»;
2015-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери»;
2019-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы;
2019-жылы өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланган.