SerepTV Logo

Садыр Жапаровду Казакстанда кимдер коштоп жүрөт? Тизме

Садыр Жапаровду Казакстанда кимдер коштоп жүрөт? Тизме
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта мамлекеттик сапар менен Казакстан Республикасына кетти. Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өлкө башчы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев;
  • коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;
  • айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;
  • энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.
edita