SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов жолукту

Президент Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов жолукту
Президент Садыр Жапаров бүгүн экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолукту. Маалыматты мамлекет башчынын пресс-катчысы Галина Байтерек тастыктады. Анын айтымында, президент инвесторлор менен жолугушуу өткөргөн. Ага Өмүрбек Бабанов дагы катышкан. «Президент инвестицияларды тартуу максатында байма-бай жолугушууларды өткөрүп турат. Бүгүн Казакстандан келген инвестор Шухрат Ибрагимов менен жолугушуу болуп өттү. Аны менен кошо Өмүрбек Бабанов келди. Бул тааныштыруу жолугушуусу, анда иштин келечеги талкууланды”,- деп түшүндүрдү Галина Байтерек. Шухрат Ибрагимов - жакында эле коронавирустан көз жумган миллиардер Алижан Ибрагимовдун уулу.
edita