SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Президент Садыр Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды
Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын ишкерлер коомчулугу менен жолугушту. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, Кыргызстан менен Казакстан салттуу соода-экономикалык тыгыз байланыштарды сактап келе жаткандыгын белгиледи. Президенттин айтымында, Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан кризиске карабастан, 2020-жылы Казакстандын түз инвестицияларынын көлөмү 9 пайызга көбөйгөн. Садыр Жапаровдун белгилешинче, мамлекеттер эки тараптуу деңгээлдеги коңшу жана стратегиялык өнөктөш гана эмес, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да өнөктөш. Бул казак ишкерлерине Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол эле учурда ал эки өлкөнүн соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жаткандыгын айтып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулата турган өбөлгөлөргө токтолду. Кыргызстан инвестициялык жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатканын, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүп, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу менен бирге, рынокко жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана товарларды сатууну кеңейтүү боюнча жигердүү иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы алгачкы Жарлыктардын бири ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүн коргоону күчөтүп,  ишкердик субъектилердин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгарууга багытталганы тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, ал бажы жана салык тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган жаңылыктарга токтолду. Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстанда айыл чарба жаатында санарип технологиялар киргизилип, ал электрондук соода элементтерин ичине камтып, айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү жана коопсуздукту камсыз кыла баштагандыгын кошумчалады. Президент Садыр Жапаров казак ишкерлерин Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырды. Иш-чарага Казакстандагы ондогон ири компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Потенциалдуу казак инвесторлорунун суроолоруна президент Садыр Жапаров өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери жооп беришти.
edita