SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер боюнча пикир алмашат. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады. 

Маалыматка караганда, жолугушуу бүгүн, 21-июлда "Ала-Арча-1" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ага бардык эл өкүлдөрү чакырылган.