SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров эртең Олимпиадага катышкандарга сыйлыктарды тапшырат

Президент Садыр Жапаров эртең Олимпиадага катышкандарга сыйлыктарды тапшырат
Эртең, 23-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтөт.  Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат.  Түз эфир саат 09:55те башталат.