Президент Ош мэриясына 500 миллион сом бөлдү
Президент Садыр Жапаров Ош шаардык мэриясына 500 миллион сом бөлдү.
Каражатка атайын техника сатып алынмакчы. Акча Кыргызстандын Турукташтыруу фондунан бөлүнөт. Бул бюджеттен тышкаркы уюм, анын милдети өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.