SerepTV Logo

Президент капсула салгандан бери курулушу токтоп турган аскердик шаарча боюнча министрлик эмне дейт?

Президент капсула салгандан бери курулушу токтоп турган аскердик шаарча боюнча министрлик эмне дейт?
Социалдык тармактын колдонуучулары Маргун айылында аскердик шаарчасын куруу иштери облуска президент Садыр Жапаров барып, капсула салып кеткенден кийин токтоп калганын айтышып, жеринен видеолорду жүктөшкөн эле. Видеодон иштин токтоп турганын көрүүгө болот. https://youtu.be/OoYR3-kqeL0 Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салып, чек ара маселелери анын ишиндеги эң артыкчылыктуу маселелердин бири экенин, анткени мамлекеттин коопсуздугу чек аралардан башталарын баса белгилеген. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, учурда аскер шаарчасын куруу боюнча документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, азырынча башкы подрядчик тандала элек. "Ушуга байланыштуу, курулуш иштеринин жигердүү фазасы баштала элек", - деп белгилешет министрликтен.