SerepTV Logo

"Президент жооп бер!". Бишкекте октябрь окуяларында жабыркагандар митингге чыкты

"Президент жооп бер!". Бишкекте октябрь окуяларында жабыркагандар митингге чыкты

Бишкектеги Өкмөт үйүнүн жанында 30 чакты адам катышкан митинг өтүп жатат. Митингге чыккандар президент Садыр Жапаровдон 2020-жылдын октябрь окуясында жаракат алгандарга көңүл бурушун өтүнүшөт.

"Садыр Нургожоевич, берген убадаңызды аткарыңыз!", "Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев жоопко тартылсын (Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын мурунку жетекчилери)" деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Мындан тышкары, алар Сооронбай Жээнбековдун экс макамына татыктуу эместигин айтып чыгышты.

[video width="1280" height="576" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/miting-dom-pravitelstva.mp4"][/video]