SerepTV Logo

Ак Үйдү оңдоп-түзөөгө депутаттардын албайм деген маянасы коротулат

Ак Үйдү оңдоп-түзөөгө депутаттардын албайм деген маянасы коротулат
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ак Үйдү оңдоп-түзөөгө алуудан баш тарткан депутаттардын маянасы коротуларын билдирди. Андан тышкары спикер кол сунууга даяр демөөрчүлөр да бар экенин айтты. “Бул маселени колдон келишинче бюджеттен акча албай чечүүгө аракет кылабыз”, - деди Мамытов. Анын айтымында, аз-маз шарттар түзүлөрү менен депутаттар резиденцияда эмес, Ак Үйдө иштөөсүн улантышат. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, ал башаламандык менен уланып, Ак Үйдү басып алуу менен аяктаган. Техникалык жабдуулар талкаланып же таланып, 7-кабатты өрттөп да жиберишкен. Баардыгын калыбына келтирүүгө канча каражат кетери дале эсептелип бүтө элек.
admin@supertv.kg