"Президент атама жардам берүүнү убадалады" деген SUPERTV’нын каарманынын атасы тил кат менен бошотулду
Орусияга барар замат аэропорттон кармалган Кыргыз жараны Эсен Мажитов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ТИМден тастыкташты.
"Орусиянын компетенттүү органдарынын 6-июлдагы чечими менен камакка алуу түрүндө мурда тандалган баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу Эсен Мажитов Нижний Новгороддогу тергөө абагынан камактан бошотулган. Аны экстрадициялоо аягына чыга элек", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз жараны Эсен Мажитов Орусиянын Нижний Новгород шаарына жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Ага Тажикстандын «оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы» себеп болгон. Орусиянын укук коргоо органдары аны башаламандык уюштурууга айыптап кармаган. 10-майда анын уулу Адил Абдурахимов президентке жолуккан. Садыр Жапаров атасына жардам берүүнү убадалаган.