Президент Аскар Салымбековго «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасын ыйгарды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Аскар Салымбековго «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Дордой Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин ардактуу президенти Салымбеков Аскар Мааткабыловичке “Эмгек Баатыры” өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды", - деп жазылат маалыматта.