Премьер-министр Улукбек Марипов коронавируска каршы эмдөө боюнча кеңешме өткөрдү
Бүгүн, 11-февраль күнү өкмөт башчы Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы жана эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде жалпы мектептердин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык түрдө эмдөөгө даярдык көрүү маселелери талкууланган.
Аны менен катар кеңешмеде «COVAX» программасынын алкагында вакциналардын биринчи партиясы республикага үстүбүздөгү жылдын март айында алынып келинээри, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилээри айтылды. Жана ошондой эле Орусияда жана Кытайда чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси да иштелип жатканы белгилүү болду.
«Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алган учурлары катталып жатканы — бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун көбөйүү ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиялык абалдын начарлашынын ыктымалдыгын эске алуу менен дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болууга тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектердин корун жогорулатуу керек», — деди кеңешмеде премьер-министр.
Ошондой эле кеңешменин соңунда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Экономика жана финансы министрлигине аны менен катар Тышкы иштер министрлигине бир канча тапшырмалар берилген.