Премьер-министр Бишкектеги Калкты тейлөө борборуна күтүүсүз текшерүүгө барды
Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкектеге Калкты тейлөө борборлорунун бирине пландан тышкаркы, күтүүсүз текшерүүгө барды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактарындагы баракчасынан билдирди.
Анда премьер-министр мекеменин жетекчисине "Эмнеге кезекке тургандар көп?",- деп сынга алгып, кезек күтүүчү жарандардын ыңгайлуулугу үчүн шарттарды жакшыртууну жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу үчүн бир катар тапшырмаларды койгон.
Ошондой эле өкмөт башчы, тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди «open space» (ачык типтеги кеңсе) форматында долбоорлоону тапшырды. "Ал иштин натыйжасында кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзүлөт",- деп билдирген Марипов.