Парламенттик шайлоонун добуштары саналып бүттү. Босого чектен 6 партия өттү
Парламенттик шайлоонун добуштары 100 пайызга кол менен саналып бүттү. Бир канча күндөн бери жалгыз шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жарыяланбай жаткан эле. 5 пайыздык чектен 6 партия өттү.
- "Ата-Журт Кыргызстан" - 17,30%
- "Ишеним" - 13,63%
- "Ынтымак" - 10,99%
- "Альянс" - 8,34%
- "Бүтүн Кыргызстан" - 7,04%
- "Ыйман нуру" - 6,15%