Парламенттик шайлоо. Милиция Ошто, Чүйдө жана Жалал-Абадда административдик ресурсту пайдалануу боюнча тергөө жүргүзүүдө
Шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталган, ал эми Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Аны менен катар, шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.
"Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, мессенжерлерде, социалдык тармактарда чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына "102" телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат. Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт, бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо, анда ал фактылар катталып, мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт", - деп айтылат маалыматта.