SerepTV Logo

Парламенттик шайлоо. Дагы 4 талапкер жарышка катышуудан баш тартты

Парламенттик шайлоо. Дагы 4 талапкер жарышка катышуудан баш тартты
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-ноябрда бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир катар талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуусу тууралуу билдирүүнү карады. Шайлоого катышуудан баш тарткан 4 талапкер: - Борочоров Талантбек Айсаракуновичке — №33 Нарын округу боюнча, - Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович — №33 Нарын округу боюнча, - Ибраимова Атыркүл Сыйдалиевна — №33 Нарын округу боюнча, - Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич — №13 Сузак округу боюнча, Муну менен 24-ноябрга карата бир мандатту шайлоо округунан 284 талапкер калды. Ошондой эле 21 партия бар.