Парламенттик шайлоо. БШКга талапкер Таалайбек Сарыбашовдун диплому боюнча арыз түштү
БШКга депутаттыкка "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер Таалайбек Сарыбашовдун жогорку билими тууралуу дипломун текшерүү боюнча арыз түштү. Бул тууралуу журналисттерге БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева билдирди.
Буга чейин Ош шаарынын мурдагы мэри, учурда "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Таалайбек Сарыбашовдун диплому күмөн жаратат деген маалыматтар чыгып келген. Анын 1995-жылы Ош техникумун аяктаганы тууралуу документи жасалма экени айтылган. Сарыбашов 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим да алганын билдирген.