Парламенттик шайлоо. БШК шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмеси бардык 2494 шайлоо участогунда, анын ичинде өлкөдөгү 2435 жана чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда илинди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Контролдук тизмедеги Бирдиктүү округдагы шайлоочулардын саны - 3 699 046 адам, Бир мандаттуу округдагы шайлоочулардын саны - 3 621 751 адам.
2021-жылдын 11-апрелинде өткөн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын санына салыштырганда шайлоочулардын жалпы саны 92 845 жаранга көбөйдү. 9-сентябрда сайтка жайгаштырылган шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 686 921) салыштырганда 12 125 жаранга өстү (кенен маалымат “Тизме” порталында).
Шайлоочулардын таанышуусу жана маалыматтарды тактоосу үчүн УШК тизмени шайлоо участогуна илет. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 18-ноябрда “Тизме” порталына жайгаштырылат.
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.
Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандар, мындан тышкары, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусу зарыл.