SerepTV Logo

Парламентте эмделбеген балдар мектепке алынбайт деген маселе көтөрүлдү

Парламентте эмделбеген балдар мектепке алынбайт деген маселе көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков президенттин өкүлүнө Билим берүү министрлигинин чечимин дыкат карап чыгууну табыштады. “Кызамык коркунучтуу оору, эмдөө маанилүү, бирок бул медициналык эмес, конституциялык маселе. Конституция ар бир адам билим алууга укуктуу деп жазылган. Айрым балдардын вакцина алууга болбойт деген медициналык көрсөтмөсү болот. Оорукана эмес, ФАП болбогон айылдарыбыз бар. Аларга балдарыңар экинчи сорттогу дейбизби же билим алууга татыктуу эмес дейбизби? Маселени дыкат карап чыккыла”, — деди Чойбеков. 
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ЖАНЫЛЫКТАР | НОВОСТИ | NEWS (@serep.kg)