SerepTV Logo

Өзгөндө чыгыш стилиндеги заманбап базар курулат

Өзгөндө чыгыш стилиндеги заманбап базар курулат
Ѳзгөн районундагы жол тыгынын түзгөн, өрт коопсуздугу жакшы сакталбаган, иретсиз салынган базарлардын ордуна бардык шарты бар, чыгыш стилиндеги заманбап базарды куруу маселеси каралды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Мааыматка ылайык, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ош облусунун аймагындагы архитектура адистери менен жолугушуу өткөрдү. Анда райондорго бийик кабаттуу турак жайларды куруу, иретсиз салынган базарлардын ордуна заманбап шарттары менен соода-жайларды куруу, келечекте алыскы райондорго чейин темир жол курууга аракет кылуу жана саркынды сууларды тазалоочу жайларды куруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле Ѳзгөн районундагы жол тыгынын түзгөн, өрт коопсуздугу жакшы сакталбаган, иретсиз салынган базарлардын ордуна бардык шарты бар, чыгыш стилиндеги заманбап базарды маселелери да айтылды. "Жана дагы Ѳзгөн шаары Улуу Жибек Жолунда жайгашкандыктан туризмди өнүктүрүүгө бардык шарты менен мейманкана, жол жана башка кооз имараттарды куруу иштери да каралды",- деп билдиришти облустук басма сөз кызматтан.
Unknown Author