Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу штабы түзүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары менен аппараттык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министр Кыргызгидромет агенттигине, жакынкы аралыкта туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканына байланыштуу жарандарга убагында так жана ыкчам маалыматты тынымсыз жеткирип турууну буйруду. Мындан тышкары министрликтин балансындагы турган автоунаалар күйүүчү жана майлоочу майлар менен толугу менен камсыздалуусу бюнча тапшырма берилди.
Министр Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу штабын түзүүнү тапшырды. Ошондой эле, кооптуу аймактарда жашаган тургундарга өзгөчө кырдаалдар болгон учурда жабыркагандарга чатырларларды жеткирүү боюнча иш-чаралар алып барылуусун белгилеп кетти. “Чатырлар калктын жашоо тиричилигине керектелүүчү бардык шарттар менен камсыздалсын”, - деди ал.