Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өздүк курам аттестациядан өтүп жатат (видео)
23-марттан баштап Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде өздүк курамдын аттестациялоо иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш чаранын максаты - ӨКМдин аскер кызматкерлерин, өрт өчүрүүчү жана башка кызматкерлеринин иш тажрыйбасын жана билим деңгээлин баалоо жана жогорулатуу болуп эсептелет. Аттестацияны жакшы тапшырган кызматкерлер мындан ары кадрлар резервине алынып, кызматынан жогорулатууга сунуш берилет. Ал эми көрсөткүчү төмөн болгондорго убакыт берилип, кайра аттестациялоого жиберилет.
“Бул иш чара 3 этаптан турат: теориялык, практикалык жана дене тарбиялык даярдыгы. Теориялык даярдыктан кызматкерлер 30дан 70ке чейин суроодон турган тест тапшырышат, ал эми практикалык жактан өрт өчүрүүчү-куткаруучулар 3 түр практикалык ыкманы көрсөтүп беришет.
Министрлик тарабынан аттестациялык комиссиясы ӨКМдин Борбордук аппаратынан жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери арасынан түзүлдү. Аттестацияга ӨКМдин Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарында аяктап 1000ден ашуун кызматкер катышты. Бүгүн күндө Ош облусунун райондорунда улантылып жатат”, - деп айтылат маалыматта.
[video width="1280" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/mchs-kyrgyzstana-on-facebook-watch.mp4"][/video]