Өзбекстандагы Кара-Жантак айылы Баткенге кошулуп, тургундарына кыргыз жарандыгы берилди
Кара-Жантак айылынын эли кыргыз жарандыгын алышты. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Буга чейин Өзбекстандын Фергана облусунун Кара-Жантак айылы, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен, аталган айылды Кыргызстандын курамына кошуу боюнча макулдашуу жетишилген.
"Кара-Жантак айылы Баткен облусунун Кадамжай шаарынын курамына кошулган. Айылдын жашоочулары менен президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жолукту. Бул жолугушуу Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарынын аталган айылдагы алгачкы расмий жолугушуусу болду", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, азырынча айылдын 246 тургунуна кыргыз жарандыгын тастыктаган паспортторду тапшырды.