Өзбекстанда "Айтматов таануу" илими пайда болду
Өзбекстанда жаңы илим катары "Айтматов таануу" киргизилди. Бул тууралуу "Айтматовдун чыгармалары өзбек окумуштууларынын изилдөөсүндө" аталышындагы тегерек столдо Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, "Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан" туруктуу көргөзмөсүнүн директору, белгилүү өзбек публицисти Ахмаджон Мелибоев билдирди.
Анын аймында Айтматов Өзбекстандын тынчтыгы, өнүгүп-өсүүсү, эл ортосундагы тилектештикти жана достукту бекемдөө үчүн жанын аябастан эмгек кылган, аларды тышкы коркунучтардан жана чакырыктардан коргогон.
“Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин тарыхында жаңы доор башталып жаткан ушул күндөрдө Ч.Айтматовдун өлбөс-өчпөс көркөм мурасы биздин элдер учун маанилүү жол көрсөткүч болуп калат. Анын гуманизм жана жакшылык идеяларын, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды, ар башка улуттардын жана элдердин өз ара урматтоосун жана тилектештигин чыңдоого багытталган шедеврлери эч качан актуалдуулугун жоготпойт”,- деди Мелибоев.