Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордон 100 орун бөлүп берет
Өзбекстан Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 100 адамга квота бөлүп берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Квота бөлүү боюнча макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн. Бакалавр жана магистратура программалары үчүн орундар каралган. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер онлайн платформада каттоодон өтүшү керек ("Конкурстар" бөлүмү - "Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдоруна 2021-2022 окуу жылына кабыл алуу"), анкеталарды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтери 15-июль саат 23:59га чейин жүктөш керек. Онлайн тутумуна ийгиликтүү жана өз убагында катталып, бардык керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлер болжол менен 117-19-июль күндөрү боло турган алдын-ала тандоого катыша алышат.