SerepTV Logo

Өзбекстан берген 20 "Тез жардам" унаасы Ош шаарына жеткирилди

Өзбекстан берген 20 "Тез жардам" унаасы Ош шаарына жеткирилди
Өзбекстан өкмөтү тарабынан Ош шаарына "Тез жардам" унаа түрүндөгү гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, гуманитардык жардамды Ош облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев кабыл алышкан. Алар көрсөтүлгөн жардам үчүн өзбек тарапка ыраазычылыктарын билдиришти. Жакынкы аралыкта "Тез жардам" унаалары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругуна ылайык саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасында бөлүштүрүлөт. Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын учурунда өзбек тарап "Тез жардам" унааларын Кыргызстанга жардам катары берүүнү убадалаган эле.
edita