SerepTV Logo

Өзбекстан белек кылган тез жардам унаалары кандай бөлүштүрүлдү?

Өзбекстан белек кылган тез жардам унаалары кандай бөлүштүрүлдү?
Бүгүн Бишкек шаарында Өзбекстан белек кылган тез жардам унааларын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. "Саат 12.00дө Өкмөт үйүнүн алдында Volkswagen Caddy Cargo жана ISUZU D-Max 4x2 үлгүсүндөгү 20 автоунаа колдоно турган тарапка өткөрүлүп берилет", — деп айтылат билдирүүдө. Автоунаалар кайсы мекемелерге берилди:
  • Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борбору — 2;
  • Кара-Суу аймактык ооруканасы — 1;
  • Ош шаарынын Тез жардам кызматы — 2;
  • Сузак аймактык ооруканасы — 1;
  • Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борбору — 1;
  • Панфилов жалпы дарыгерлик-практикалык борбору — 1;
  • Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борбору — 2;
  • Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору — 1;
  • КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы — 2;
  • УКМКнын 9-бөлүмү — 1;
  • Ноокат аймактык ооруканасы — 1;
  • Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору —1;
  • Талас обдуктук бириктирилген ооруканасы — 1;
  • Сокулук үй-бүлөлүк медицина борбору — 1;
  • Ак-Талаа аймактык ооруканасы — 1;
  • Бишкек Тез жардам кызматы — 1.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында коңшу өлкө КРге 20 тез жардам автоунаасын белек кылган.
Unknown Author