SerepTV Logo

Өткөн сутка ичинде коронавируска каршы эмдөөдөн 2,6 миңден ашуун адам өттү

Өткөн сутка ичинде коронавируска каршы эмдөөдөн 2,6 миңден ашуун адам өттү
Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавируска каршы эмдөөдөн 2 миң 660 адам өттү. Алардын ичинен 1 миң 891ине экинчи доза сайылды. Маалымат боюнча жалпы 85 миң 241 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 39 миң 159у вакцинанын экинчи дозасын алды. Аймактар боюнча алганда: - Бишкекте – 21 миң 44; - Ошто – 6 миң 545; - Чүй облусунда – 14 миң 144; - Ош облусу – 11 миң 766; - Ысык-Көл облусу – 8 миң 127; - Талас облусу – 3 миң 703; - Нарын облусу – 3 миң 974; - Жалал-Абад облусу – 11 миң 463; - Баткен облусу – 3 миң 731. 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Ал эми 22-апрелде Орусиядан “Спутник V” вакцинасынын 40 миң доза алынып келген. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Бишкек шаарында коронавируска каршы вакцина берилүүчү жерлер: - Биринчи май районундагы №14, №16 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Ленин районундагы №2, №17 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Свердлов районундагы №4, №8, №9 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Октябрь районундагы №15, №19 үй-бүлөлүк медицина борбору. Ошондой эле Калыс-Ордо, Учкун, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Босого конуштарындагы дарыгерлер амбулаторияларында эмдөө жүргүзүүлүүдө. Орусиядан келген “Спутник V” вакцинасынын экинчи дозасын саюу төмөнкү жерлерде жүрүүдө: - Октябрь райондук Үй-бүлөлүк бириккен дарыгерлер борбору; - Ленин районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Биринчи май районундагы №7 үй-бүлөлүк медицина борбору; - Свердлов районундагы №8 үй-бүлөлүк медицина борбору. Мындан сырткары, 19-марттан тарта саат 15:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаардык студенттик бейтапканасында, №8, №14, №18 үй-бүлөлүк медицина борборунда кечки эмдөө жүрүүдө.
Unknown Author