SerepTV Logo

Өткөн жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылык шартында жашаган

Өткөн жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылык шартында жашаган
Өткөн жылы Кыргызстандын ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылык шартында жашаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти. 2020-жылы жакырчылыктын чегинде 1 миллион 678 миң адам жашаган, алардын 73,7 пайызы калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары. "2020-жылы жакырчылыктын деңгээли Ош шаарында жана Талас облусунда мурунку жылга салыштырганда анын төмөндөгөнү белгиленди. Калган региондордо жакырчылыктын деңгээли өскөн, анын ичинде Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Баткен облустары, ошондой эле Бишкек шаары да бар", - деп айтылат маалыматта. Жакырлардын жалпы санынын 58 пайыздан көбү Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жашашкан.