Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл күйүүчү майга болгон баа 1,6 эсеге кымбаттаган
Үстүбүздөгү жылдын июль айына карата АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 53,32 сомду түзгөн. Бул 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу 1,6 эсеге жогору. Ал эми дизелдик отундун баасы литр үчүн 48,11 сомду түздү жана баа дээрлик 1,4 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Муну менен бирге, АИ-92 бензинине чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Исфана (бир литр үчүн 57,75 сом), Баткен (57,12 сом), жана Ноокат (56,10 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токмок (51,46 сом), Нарын (51,63 сом), жана Талас (51,69 сом) шаарларында катталган.
Бензинге болгон баалар мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Покровка айылында жана Жалал-Абад шаарында 75,3 пайызга, ошондой эле Токмок шаарында 73,6 пайызга катталган.
Муну менен катар, дизелдик отунга чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Ноокат (51,55 сом), Баткен (51,16 сом), жана Кара-Суу (50,14 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токмок шаарында (бир литр үчүн 45,86 сом), Нарын шаарында (бир литр үчүн 46,24 сом ), жана Чаек айылында (бир литр үчүн 45,92 сом) байкалган.
Дизелдик отунга болгон баалардын 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу эң жогору Покровка айылында 43,3 пайызга, Ноокат шаарында 49,9 пайызга жана Талас шаарында 45,7 пайызга өскөнү аныкталган.