Өсүмдүк май менен кумшекердин баасы арзандайбы? Өкмөт бааларды жөнгө салуу боюнча токтом долбоорун карап жатат
Өсүмдүк май менен кумшекердин баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоору каралууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков брифингде билдирди.
Анда ал ири соода түйүндөрүнө бир катар талаптар коюлганын айтты. Алар:
- Негизсиз баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө;
- Запастарды ар дайым камсыз кылуу;
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузбоо.