SerepTV Logo

Оштун мэри муниципалдык ишканаларга 6 Porter тапшырды

Оштун мэри муниципалдык ишканаларга 6 Porter тапшырды

Бүгүн, 24-февраль күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук аянтта жаңы 6 Рorter үлгүсүндөгү унааларды тапшырды.

Жаңы техникалар “Ош шаардык автоунаа”, “Ош свет”, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты”, “Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык турак-жай” муниципалдык ишканаларына жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик, Маданият башкармалыктарына бөлүштүрүлүп берилди.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="275041,275042"]