Оштун жаңы мэри Жеңишбек Токторбаев бир катар талаптарды койду
Ошко жаңы дайындалган мэр Жеңишбек Токторбаев аппараттык жыйында кадрдык алмаштыруулар болбой тургандыгын айтты.
«Менин негизги принцибим – жетекчилерди алмаштыруу эмес. Шаардын жана шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн иштөө. Жыйынтык көрсөтүү. Мен эч кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейм. Сиздерден да ушул нерсени талап кылам", - деди Токторбаев.
Мындан тышкары ал кызматкерлерге бир катар талаптарды койду.
- Жетекчилер мындан ары жумушка коомдук транспорт же жеке транспорт менен келесиңер. Эч ким кызматтык унаасын колдонбойт.
- Ар бир жетекчи кайсыл жерге барбайлы, курулуш иштери болобу, жолго чыгабызбы, даярдыкта болгула, бөлмөңөрдө тиешелүү кошумча өтүк, кийим-кече болушу керек.
- Шаардын жолдорун оңдоого, кардан тазалоого өзгөчө көңүл бурулат, 80-жылдары чыккан техникалар жүрөт, жаңы атайын техникаларды сатып алабыз.
- Мындан ары аппараттык жыйындар, тиешелүү жетекчилер менен бирге мэрияда эмес, ар бир аймакта, маселе жаралган жерде өтөт.
- Кызыл сызыктан чыккан, жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде соода-сатык түйүндөр буздурулат.
“Менин эшигим сиздер үчүн ар дайым ачык. Сунуштар болсо, маселе жаралса, түз мага кайрылгыла”, - деген Жеңишбек Токторбаев жетекчилерди куттуктап, ар кандай белек-бечкектерди алып кирүүгө тыюу салды.