Оштун мэри бүгүн да шаардын абалы менен таанышып чыкты
Оштун мэри бүгүн да шаардын абалы менен таанышып чыкты. Кезектеги рейд Курманжан-Датка көчөсүндө улантылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки абалы менен таанышууну улантты.
Калаа башчысы Асранкулов көчөсүндөгү жолду кеңейтүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, Курманжан-Датка көчөсүндө жасалууга тийиш болгон бир катар тапшырмаларды берди:
- ирригациялык тармактарды толук оңдоп түзөө;
- жашыл аймактарды жаңылоо, оорууга чалдыккан жана эски бак-дарактарды алмаштыруу;
- мыйзамсыз курулуштарды, баш аламан соода түйүндөрүн, ошондой эле кызыл сызыктан өтүп кеткен тосмолорду жана курулуштарды алып салуу;
- тротуарларды ар кандай өзүм билемдик менен коюлган тосмолордон жана бордюрлардан тазалоо сыяктуу иштерди алып баруу.