Оштогу ресторандарга жана тойканаларга 1-июлдан тарта буйрутма албоо сунушталды
Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ири ресторандарга жана тойканаларга 1-июлдан баштап буйрутма албоо сунушталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, муниципалитетте коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча жыйын болуп өткөн. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл стандарттарын бузгандыгы үчүн ресторан, тойкана, коомдук тамактануучу жайлардын жетекчилеринин жана администраторлорунун жоопкерчилигин күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Белгиленгендей, 1-июлдан тарта Ош шаарында үйлөнүү той, маараке жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салынат. Андыктан, ресторандардын администраторлору жана ээлерине 1-июлдан баштап массалык иш-чараларга буйрутма албоо сунушталды.
Шаардын вице-мэри Эмил Шадыхановдун айтымында, санитардык нормаларды жана эрежелерди бузгандар мыйзам чегинде жооп бериши керек.