Оштогу Матраимовдорду колдоо митингинде журналисттерге кол салуу болгону айтылууда
Кечээ, 28-февралда Ошто өткөн Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылган митингчилер ал жактагы журналисттердин биринин телефонун тартып алып, чагымчылдык кылууга аракеттенишкенин «Азаттыктын» жана «Клооптун» журналисттери жазып чыгышты.
Журналисттердин айтымында, митингчилердин бири «Азаттыктын» кабарчысы Дастан Үмөтбай уулунун колунан тартып, “Сенби «Азаттык» бери кел!” деп коркутууга аракет кылган. Ошондой эле журналисттерди белгисиз кишилер курчап, чагымчыл чакырыктарды айтып, кыйкырышкан. “Куугунтукту ушул жерден башташ керек. Кууп чыгабыз азыр буларды. “Азаттык” кетсин! Буларды эл өзү чыгарабыз деп жатат” деп кыйкырышканын журналисттер айтып чыгышты.
Ошондой эле ал жактагы журналисттер, митингчилер «Клооптун» кабарчысы Хамидулло Узаковдун телефонун тартып алууга аракет кылышып, дагы бир митингчи аял «Клооптун» башка журналистине кол салууга аракет жасаганын да билдиришти.
Кечээ, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун тарапташтары митинг өткөрүшкөн. Анда алар Матраимовду абактан чыгарууну талап кылышкан. Ошондой эле митингге Райымбек Матраимовдун туугандары, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген тарапташтары, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана айрым саясатчылар да акцияга катышкан.
Ал эми Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. УКМКнын маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган. Райымбек Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 миллиард сом, кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.