Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин аталышы өзгөрдү
Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин аталышы өзгөртүлдү. Эми окуу жай кыргыз мамлекеттик жана коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору "Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети"- деп аталат. Бул тууралуу аталган университеттин басма сөз кызматы билдирди.
Окуу жайдын маалымат кызматынын айтымында Билим берүү жана илим министрлигинин университеттин аталышын өзгөртүү тууралуу буйругу быйылкы жылдын 15-январда чыгарган. Мындай буйрукка Оштун тургунундарынын талабы себеп болгон.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Өзбек университетинде он миңден ашуун студент билим алат. Окуу жай 2010-жылдагы "июнь окуяларына" чейин Кыргыз-Өзбек университети деп аталып келген. Ошол жылдардагы төңкөрүштөн кийин университет Мамлекеттик социалдык университет болуп өзгөрүп, кийин кайра Кыргыз-Өзбек университети деген аталышта жүргөн. Ал эми окуу жайдын азыркы макамы «легендарлуу парламенттин» алгачкы мүчөсү, Өзбекстандын философдор коомунун ардактуу мүчөсү, Казакстан Улуттук илимдер академиясынын, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу профессору. Ошондой эле Кыргызстандын Инженердик академиясынын мүчөсү, 3 монографиянын жана 35 илимий эмгектин автору Батыралы Сыдыковдун атына өзгөрдү.