SerepTV Logo

Оштогу жер титирөө: 25 үй, 12 мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк дарылоо тобу зыянга учурады

Оштогу жер титирөө: 25 үй, 12 мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк дарылоо тобу зыянга учурады

Кечээ, 12-мартта саат 09:11де Ош облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

 Жер титирөөнүн кесепетинен жалпы:

  • 25 үй;
  • 12 мектеп;
  • 1 бала бакча;
  • 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу зыянга учуруган.

Алай району боюнча 13 үй жабыркаган. Бирөөсүнүн абалы кооптуу.

Жаңы-Алай айылында турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон. Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 7 үй камсыздандыруудан өткөн, 6 үй камсыздандыруудан өткөн эмес.

Кара-Суу району боюнча:

  •  12 мектеп;
  • 12 үй;
  • 1 бала бакча;
  • 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу.

Жоош айыл аймагынан:

  • 7 мектеп;
  • 1 бала бакча;
  • 1 үй зыянга учураган.

Ала-Тоо айыл аймагынан 1 мектептин, Датка айыл аймагынан 3 мектептин, Мады айыл аймагынан 7 үй, 1 үй бүлөлүк дарылоо тобу, Савай айыл аймагынан 1 мектеп, 3 турак үйдүн,

Баш-Булак айыл аймагынан 1 турак үйдүн дубалында жаракалар пайда болгон.

Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 4 турак үй камсыздандыруудан өткөн, калган үйлөр камсыздандыруудан өткөн эмес.