Оштогу бала бакча мамлекетке кайтарылды
Оштогу Көкүм-Бий көчөсүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген №18 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
"Азыркы учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Анын алкагында бала бакчанын чатырын алмаштыруу, ички бөлмөлөрдү жасалгалоо, балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери жүрөт. Аталган №18 бала бакча 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган",- деп айтылат маалыматта.